Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 20-февралы № 4-1
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылга карата долбоору боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017- жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөргө бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
1) Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар – 19 397 800 (он тогуз миллион үч жүз токсон жети миң сегиз жүз) сом;
2) Теңдештирилген грант – 2 954 700 (эки миллион тогуз жүз элүү төрт миң жети жүз) сом.
Баардыгы: 22 352 500 (жыйырма эки миллион үч жүз элүү эки миң беш жүз) сом.
Чыгаша бөлүгү:
1) Башкаруу аппараты – 12 491 300 (он эки миллион төрт жүз токсон бир миң үч жүз) сом;
2) Мектептер – 5 632 800 (беш миллион алты жүз отуз эки миң сегиз жүз) сом;
3) Бала бакчалар – 4 028 400 (төрт миллион жыйырма сегиз миң төрт жүз) сом.
Экономикалык маселелер – 200 000 (эки жүз миң) сом.
Баардыгы: 22 352 500 (жыйырма эки миллион үч жүз элүү эки миң беш жүз) сом.
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бекитилген бюджетин түзүлгөн сметага ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т.Ыдырысов |