Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги IV сессиясы
2017-жылдын 20-февралы № 4-2
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын техника алуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) 2015-2018-жылдары айылды инвестициялоо (ПСИ-3) долбоорун ишке ашыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин эсебинен өздүк салым катары Ат-Башы айыл аймагына атайын техника алуу үчүн 1 300 000 (бир миллион үч жүз мищ) сом бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын өз убагында которуп берүү жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т.Ыдырысов |