Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28- апрели № 5/1
Ак-Талаа айыл өкмөтүнө АРИС агентствосу тарабынан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жайыт комитетине келчү 3-транштын өздүк салымына акча каражатын бөлүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Төлөгөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине АРИС агентствосу тарабынан келчү 3-транштын инвестициясына кубка салуу жана трактор алуу үчүн өздүк салымга 650 000 (алты жүз элүү мин) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Төлөгөнов |