Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын № V кезексиз сессиясы
2017-жылдын 28- апрели № 5/5
Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Суу айылындагы Чеч-Дөбө мазарына каттаган автоуналардан алынуучу акча каражатын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Төлөгөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чеч-Дөбө мазарына каттаган автоуналардан төмөндөгүдөй тарифте акча каражаты алынсын:
Женил машинага 200 сом
Спринтер, бустан жогоркуларга 500 сомдон бекитилсин.
2. Автоуналардан түшкөн акча каражаты ошол жердеги мечитке, светине, жолуна, отун-суусуна жана шайыктын эмгек акысына жумшалсын.
3. Автоуналардан түшкөн акча каражатты көзөмөлдөө жана отчетун берүү жагы Бегимбаев Асанбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин
Төрага | Б.Төлөгөнов |