Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-май № II/I
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 жана 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү
Токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы менен Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлүүчү келишимди талкуулап Ача-Кайынды айылдык Кеңешинин кезексиз II-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 жана2014-жылдын 19-декабрындагы №715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы менен Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлүүчү келишим убактылуу мөөнөткө токтотулсун.
2. Милдеттүү түрдө келишим түзүүгө Айыл өкмөтү тарабынан зарылчылык жаралса кийинки сессияларда кароо жагы эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрага | А.Мурзалиев |