Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезекcиз II сессиясы
2017-жылдын 11-майы № II/III
Аккорум булак таза суу системасынын элге кызмат көрсөтүү акысынын тарифинин баасын бекитүү жөнүндө
Аккорум булак таза суу ИСКАКБнын жетекчиси М.Султанакуновдун суу системасынын элге кызмат көрсөтүү акысынын тарифинин баасын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ача-Кайынды айылындагы жалпы суу пайдалануучуларга (вода калонкадан) колдонулуучу тариф бир жанга айына 10 (он)сомго бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы үйлөрүнө суу киргизип пайдалануучуларга милдеттүү түрдө счетчик (водамер) койдуруу милдеттендирилсин,счетчик менен эсетешүү 1куб суу акы 25 (жыйырма беш) сомго,счетчик койдурбагандарга бир жанга бир айга 35(отуз беш) сомго бекитилсин.
3. 2017-жылдын май айынан үйлөрүнө жаны суу киргизүүчүлөргө уруксат берүүнүн баасы 5000(беш мин) сомго бекитилсин.
4. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү справкаларга Аккорум булак ИСКАКБнын жетекчиси М.Султанакуновдун аты-жөнү киргизилсин, эл менен эсептешүүгө дайыма милдеттүү түрдө бухгалтерин отургузуу М.Султанакуновго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Аккорум булак ИСКАКБнын жетекчиси М.Султанакуновго тапшырылсын.
Төрага | А.Мурзалиев |