Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезекcиз II сессиясы
2017-жылдын 11-майы № II/V
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча-каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча-каражатты бөлүштүрүү жөнүндө айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн 491,9 (төрт жүз токсон бир миң тогуз жүз )сом акча-каражаты төмөндөгүдөй жумуштарды аткарууга бөлүштүрүлсүн;
-Ой-Терскен орто мектебинин ашканасынын ремонтуна 70,0(жетимиш миң)сом,стим.гранттын сметасына 44,7(кырк төрт миң жети жүз)сом;
-Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратынын терезелерин алмаштырууга 200,0(эки жүз миң)сом;
-Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маданият тармагына музыкалык аппаратура алууга 70,0(жетимиш миң)сом,усилитель калонка алууга 7,0(жети миң) сом;
-Ача-Кайынды айыл аймагынын талаачылык жумуштарына көпүрөө жана жолдорго өтө муктаж жерлерге 100,2(Бир жүз миң эки жүз)сом:
Баары:491,9(торт жүз токсон бир миң тогуз жүз)сом.
2. Бул акча-каражаттар бекитилген сметага ылайык КР “Бюджеттик кодеси” мыйзамынын негизинде чыгымдоо жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Мурзалиев |