Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезекcиз II сессиясы
2017-жылдын 11-майы № II/VII
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2017-жылдын 18-апрелининдеги жалпы элдик жыйынында кабыл алынган токтомун бекитип берүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2017-жылдын 18-апрелининдеги жалпы элдик жыйынында кабыл алынган токтомун бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жооптуу катчысы М.Асаналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
2/7/1.Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2017-жылдын 18-апрелининдеги жалпы элдик жыйынында кабыл алынган токтому алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2/7/2..Жазгы-жайкы талаачылык жумуштарына колдонулган техникалардын элге кызмат көрсөтүү акысы жалпы элдик талкуунун жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
Колесный трактор жүргүзсө1га жерди айдоо 25литр солярка 1000 сом услуга
1га жерди тырмоо10л. сол. 400 сом усл.
1га жерди себүү 10л. сол. 500 сом усл.
1га жерге арык тартуу 3л. сол. 100 сом усл.
Жалпы баасы-2000сом.
Казтамандуу трактор жүргүзсө( Дын жер) 1га жерди 30литр солярка 1300 сом услуга
1га жерди тырмоо 20л. сол. 500 сом усл.
1га жерге арык тартуу 10л. сол. 200 сом усл
Жалпы баасы-2000сом.
Картошка отургузуу 1га жерге 20л.сол.3000сом услуга.
Картошка казуу 1га жерге 30л.сол.4000сом услуга.
Жайкы чөп чабык
Косилка КС 2.1.
1га жерди чабуу 10литр солярка 800 сом услуга
1га жерди тырмоо(баковой) 5л. сол.500 сом усл.
1га жерди престөө 10л. сол. 1шт. х 6сомдон усл.
Чөп чабуу Германский менен
1га жерди чабуу 1300 сом,майы(солярка)ичинде
Көчүү-конуу күнүн белгилөө жана мал багуу акысы жалпы элдик талкуунун жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
2/7/3..Көчүп-конуу күнүн белгилөө жана мал багуу акысы төмөндөгүдөй бекитилсин. -Талаа коруунун убагы 5-майдан 5-октябрга чейин белгиленсин.
5-майдан баштап уй бадасы уюштурулсун. Севеобороттун ортосунда турган сарай ээлери корук башталгандан баштап өйдөлөп көчүп талааны малдан тазаласын. -Малын кароосуз калтырып, дыйкандардын эгин жана чөп аянттарына олуттуу зыян келтирсе келтирилген зыяндын оорду мал ээси тарабынан төлөнүп берилсин
Камакка тушкон малдын айып суммасы бодо малга биринчи жолу түшсө эскертүү,экинчи жолу түшсө 200сом,майда жандыкка(кой-эчкиге)20сом ондуруу белгиленсин..
-Камакка айдап келген малдын тийиштүү штрафтын 50% айдап келген дыйканга 30% кароолчуга 20% айыл өкмөтүнө пайдаланылсын.
-.Жазгы жайлоого көчүү убактысы 20-майдан 30-майга чейин чектелсин.
30-майдан кечиккендерге КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 185-беренесине ылайык эсептешүү көрсөткүчүнүн 15-20-чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынары тууралуу эскертилсин.
Мал багуунун эмгек акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
1 баш уй 1айга 300 сом
1 баш кой-эчки 1айга 40 сом,1баш кочкор 1айга 100(жүз)сом.
Жайыт акы мыйзамга ылайык мал баккан малчылардан жана мал ээлеринен ондурулсун.
Ак-Сай ороонундо жайы-кышы багылган малдарга бодо мал 63сом,кой-эчки12сом.Ички багылуучу малдарга бодого42сом,кой-эчки 6сом.
Айыл ичиндеги сарайларга мал алып калуунун саны 1(бир) ат, 2(эки) уйдан ашык мал калтырылбасын.Ички жайытка токой чарбасынан сырткаркы жайытка(тоого) эки фермага кочкор,чарбы мал бакканга уруксат берилсин.Чарбы саны бир адамга таандык 5(беш) баштан ашпасын.Мал багып берүү боюнча кызмат көрсөтүү үч тараптуу келишими ( типтүү) жактырылсын. Бул келишимди ишке ашыруу жагы Ача-Кайыңды айылдык Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Нурманбетовго милдеттендирилсин.
-1-октябрдан эрте көчүп келген мал багуучуларга КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 185-беренесине ылайык эсептешүү көрсөткүчүнүн 15-20-чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынары тууралуу эскертилсин.
-Тышкы жайлоолордон мал көчүп келгиче чабылган аянттарга мал аркандагандарга уруксат берилбесин. Буларга дагы жогоруда көрсөтүлгөн айып салынсын.–Уй бада кезеги келгенде адамдар-иштиктүү карым-катнаштардын каада-салттарынын негизинде түзүлгөн корук эрежелерин бузуп, бадага алып чыгуу мөөнөтүн бузуу менен дыйкандардын жерлерине элдин малын кароосуз калтырып киргизип жиберсе же болбосо мал ээлери малын кароосуз калтыруу менен айдоо аянттарга зыян келтирүү коркунучун туудурса КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 185-беренесине ылайык эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө Администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин.
-Жогорудагы айыптарды салуу КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 509-беренесине жана КРнын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо»Мыйзамынын 32,33,34-беренелерине ылайык ылайык тузулгон Ача-Кайынды айыл аймактык айыл окмотунун администрациясынын алдындагы Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органынын комиссиясынан суралсын.
2/7/4. 1-ферма боюнча Калбаев Жума, 2-ферма Орто-Кайыңды боюнча Шырдаков Ыбырай,Кара-Жон участкасы боюнча Ж. Надырбеков ,айыл ичине Чыбылдиев Жетимиш суу мурап башчылары болуп шайлансын.Суу акысы 1га жерге 50сом болуп белгиленсин.
2/7/5. Ача-Кайынды айыл аймагындагы жайыт комитети аркылуу келүүчү атайын техниканын айдоочусу жалпы элдик жыйындын катышуучуларынын көпчүлүк добушуна ээ болгон Надырбеков Бегалы тракторист болуп бекитилсин жана техниканы кармоо боюнча эки тараптуу келишим түзүлсүн.
2/7/6. Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставына мыйзам чегинде өзгөртүүлөргө тактоо иштерин жүргүзүү жагы жайыт комитеттин төрагасы Ж.Нурманбетовго милдеттендирилсин.
2/7/7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы:Айыл окмоттун башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
Төрага | А.Мурзалиев |