Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-февралы № 9
«Мады айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылда аткарылуусунун абалы жана 2017-жылга карата божомолу жөнүндө»
Мады айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылда аткарылуусунун абалы жана 2017-жылга карата божомолу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Матанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин 2016-жылда социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча аткарган иштери жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Матанбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Мады айыл өкмөтүнүн экономикасынын өнүгүүсүн туруктуу камсыз кылуу ,социалдык маданий абалын жакшыртуу, элди иш менен камсыздоо баардык өнөр –жай, курулуш,транспорт,соода,байланыш,элге акылуу кызмат көрсөтүү тармактарынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу,чет элдик инвестицияларды тартып келүү менен жергиликтүү сырьелорду пайдаланып продукция чыгаруучу чакан жана орто ишканаларды ачуу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине,айыл башчыларга жана чарба жүргүзүүчү субьектердин жетеукчилерине жүктөлсүн.
3. Айыл чарба жерлерин асылдуулугун көтөрүү максатында майда дыйкан чарбаларды биргелешип жерди иштетүүгө уүйрөтүү,күнөсканаларды курууну колго алуу,жакынкы жана алыскы жайыт жерлерини сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып,аларды турмушка ашыруу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана тийиштүү адистерге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | С.Асанов |