Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги (VI шайланган) IV сессиясы
2017-жылдын 11-февралы № 10
«Жайыт жерлерди сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө»Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылдык кенеши 2017-жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине
3. Жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бир жыдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе,анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайра жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайы пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы- Жайыт комитетине эскертилсин.
5. Жайыт комитетинин башчысы Жайы комитетинин баардык мучолоруно,Жайыт пайдалануучуларга,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына,жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагыда толугу менен тийиштүү отчетторду,маалыматтарды берип туруусу милдеттүү.
6. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландары өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо,макулдашууда,бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
7. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын»Жайыттар жөнүндө»мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн
8. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Матанбаевке жүктөлөт.
Төрага | С.Асанов |