Загрузка документа…
ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гроздь айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын II- сессиясы
2017-жылдын 24-февралы № 12
“Гроздь айыл аймагынын 2016 – жылдын бюджетинин аткарылышын, 2017 – жылга каралган бюджеттин планын жана 2018-2019 жылдарга каралган орто мөөнөттөгү бюджетии бекитүү жөнүндө”
Гроздь айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдеттин аткаруучусу Лаева Айнара Абдыкалыковнанын “2016 жылдын бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары, 2017- жылдын бюджетинин долбоор планы жана 2018-2019 жылдарга карата орто мөөнөттөгү план-прогноздун долбоору жөнүндө” маалыматты угуп жана талкуулап, Грозд айыл кеңеши 2011 – жылдын 15 –июлдагы №111 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” Мыйзамынын №31берененин 2 пунктына таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ФЭБ башчысынын милдеттин аткаруучусу А. А. Лаеванын 2016 жылдын бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы 7509,7 миң сом, кирешелер боюнча атайын эсеп 1811,2 миң сом (анын ичинен келип түшкөн 1млн сом бул - грант) жөнүндө маалыматты эске алуу.
2. Гроздь айыл өкмөтү берген 2017 жылга бюджеттин киреше боюнча план прогнозу бекитилсин:
· Бюджет боюнча -7182,1 миң сом
· Атайын эсеп боюнча – 712,0 миң сом
3. №1 тиркемеге ылайык 2017 жылга Гроздь айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы жана атайын эсеби кирүү эсебинин булактары боюнча калыптанат.
4. №2 тиркемеге ылайык Гроздь айыл өкмөтүнүн бюджеттин учурдагы чыгашаларды каржылоо каражаттары 2017 жылга бюджет жана атайын эсеп боюнча бекитилсин.
5. Гроздь айыл өкмөтүнүн 2018-2019 жылга каралган киреше боюнча эсептер жана орто мөөнөттүү долбоор-пландын чыгаша боюнча эсептер бекитилсин.
6. 2017 жылга бюджеттин жүгүртмө касса акчаны 10,0миң сом суммада бекитилсин.
7. Райондук бюджеттик имарарттардын чыгашаларын каржылоонун көлөмдөрү смета боюнча так сакталганын аныкталсын жана ушул токтомдун чегинде болгон чараларга жана программаларга багытталсын.
8. 2017 – жылы Гроздь айыл өкмөтүнү бюджетинин чыгашаларды каржылоо чыныгы түшкөн кирешенин чегинде жүргүзүлгөнү аныкталсын, биринчи кезек иретинде коргоо беренелери боюнча (айлык акысы, соц.фонд, тамак-аш, коммуналдык төлөмдөр).
9. Кыргыз Республикасыны Бюджет Кодексинин “Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарын аткаруу процессинде кайра бөлүштүрүү жөнүндө” 109 беренесине таянып, Гроздь айыл өкмөтүнүн финансылык бөлүмүнө бюджеттин аткаруу процессинде ассигнованияларды чыгаша беренелерге жана коргоо чыгаша беренелерди кыскартпай, жалпы чыгашанын чегинде негизги группаларга жана чыгашанын подгруппаларына кайра бөлүштүрүүгө укук берилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013 жылдын 28 июндун №384 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013 жылдын 2 октябрдагы №543 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн аппаратынын, ТКЧ, библиотеканын штаттык тизими бекитилсин. (штаттык тизими тиркелет)
11. 2017 жылдын жалпы чыгашанын 1% (78,9 миң сом) резервдик фонд болуп бекитилсин.
12. Милдеттерин ак ниетүү аткарган үчүн, материалдык колдоо максатында 2017 жылдын бюджетинде “Мамлекетиик кызмат” бөлүгүнө 5 айылык акысына чейин жеткен премия жана материалдык колдоо түрүндө акча сылоо караштырылсын.
13. Бул токтомдун аткарылышын Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысына Кыдыкеев Сыргак Биляловичке милдеттендирилсин.
Төрага | Е.Штанько |