Загрузка документа…
ГРОЗДЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гроздь айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын II- сессиясы
2017-жылдын 16-январы № 13
«Бодо малды идентификациялоонун бааларын, ветеринардын тейлөөсү үчүн акыны, бирканын жана идентификациялык күбөлуктөрдүн бааларын бекитүү жөнүндө”
2017 жылдын 9 январындагы Аламүдүн районун мамлекеттик администрациясынын №3 буюрмасын, 2017 жылдын 16 февралындагы Аламүдүн районунун ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармачылыгынын “Бодо малды идентификациялоонун бааларын, ветеринардын тейлөөсү үчүн акыны, бирканын жана идентификациялык күбөлуктөрдүн бааларын бекитүү жөнүндө” №01-4/044 телефонограммасын Кыргыз Республикасынын “Бодо малды идентификациялоо” Мыйзамына ылайык карап чыгып Гроздь айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөнкү бодо малды идентификациялоонун баалары, ветеринардын тейлөөсү үчүн акы, бирканын жана идентификациялык күбөлуктөрдүн баалары бир баш бодо малга 87 сом 76 тыйын бекитилсин, анын ичинен
- Бирканын белгиленген баасы - 37 сом 76 тыйын
- Ветеринардын тейлөөсү үчүн акы - 50 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын Гроздь айыл кеңешинин агрардык жана жер суроолору боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына Базаркулов У.Ш. милдеттендирилсин.
Төрага | Е.Штанько |