Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 28-апрели № 39
Самаркандек айыл өкмөтүнүн балансындагы жерлерди жерлердин башка категориясына которуу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек, Паскы-Арык, Жаны-Бак айылдарынын тургундарынан түшкөн кайрылууларды талкуулап, коомдук муктаждыктар үчүн (көрүстөн) обьектилерди куруу максатында Самаркандек айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек, Паскы-Арык, Жаны-Бак айылдарынын коомдук муктаждыктары, көрүстөн куруу үчүн айыл өкмөтүнүн балансындагы 8,0 га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
- Самаркандек айылына – 2,0 га
- Паскы-Арык айылына – 2,0 га
- Жаны-Бак айылына – 2,0 га
- Орто-Сай участкасына – 2,0 га.
Бардыгы : 8,0 га.
2. Тиешелүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | О.Дыйканов |