Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 28-апрели № 41
Коомдук уюмдардын төрагаларына акча-каражатын бөлүү жөнүндө
Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун, ардагерлер- аялдар кеңешинин төрагаларынын кайрылууларын негизинде Самаркандек айылдык кеңешинин кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин түрдүү чыгымдар беренесинен айына 1000 (миң) сомдон бөлүнүп, аксакалдар сотунун, ардагерлер-аялдар кенештеринин торагаларына эмгек акы үчүн төлөнуп берилсин.
2. Ушул токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Шайдуллаевге көзөмөлдөө жагы план бюджет туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | О.Дыйканов |