Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 28-апрели № 42
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын Жайылма, Тескей-1, Тескей-2 участкаларына түзүлгөн генпландарды бекитуу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы атуулдарга турак-жай салуу үчүн Самаркандек айылынын Жайылма, Тескей-1, Тескей-2 участкаларынан берилүүчү жер аянттарына түзүлгөн генпландарды бекитүү максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз илим изилдөө жана шаар куруу долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан Самаркандек айылынын Жайылма, Тескей-1, Тескей-2 участкаларына түзүлгөн генералдык пландары бекитилсин.
2. Жеке турак-жай жана социалдык обьектилерди курулушу бекитилген генпландын негизинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айыл өкмөтүнө жана Баткен райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгына тапшырылсын
Төрага | О.Дыйканов |