Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 28-апрели № 43
Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлерди пайдалануу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн айыл чарба, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси С Аппазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ишкерлерди колдоо максатында Самаркандек айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги:
- Самаркандек айылындагы “Самаркандек” май куйуучу бекетинин кун чыгыш тарабындагы 0,20 га жер аянты мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга балдар бакчасын куруу учун аукцион аркылуу сатыкка коюлсун,
- Самаркандек айылынын базар участкасындагы 0,10 га жер аянты пескоблок чыгаруучу цех куруу үчүн аукцион аркылуу сатыкка коюлсун,
- Самаркандек айылынын базар участкасындагы 0,05 га жер аянты жыгач иштетуучу цех куруу үчүн аукцион аркылуу сатыкка коюлсун,
- Самаркандек айылынын базар участкасындагы 0,02 га жер аянты устакана куруу үчүн аукцион аркылуу сатыкка коюлсун,
- Самаркандек айылынын базар участкасындагы 0,01 га жер аянты бут кийим ондоочу жай куруу үчүн аукцион аркылуу сатыкка коюлсун.
2. Тиешелүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А Пирматов |