Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 28-апрели № 44
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын Тескей-1, Тескей-2 участкаларынан турак жай салуу учун берилүүчү жер учостокторун алуучулардын кезегине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын Тескей-1, Тескей-2 участкаларынан жеке турак-жай салуу үчүн берилүүчү жер участкасын алуучу атуулдардын аталган участкалардан баш тарткандыктарына, Тескей-2 участкасына түзүлгөн генпланга мурдатан курулуп калган турак-жайлардын кирип калгандыгына байланыштуу, Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан 2016-жылдын 19-июлундагы “Турак-жай салуу үчүн жер участогуна муктаж атуулдарга жер участогун берүү боюнча” түзүлгөн комиссиянын протоколунун негизинде жер алуучулардын кезегине өзгөртүү киргизүү максатында Самаркандек айылдык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак-жай салуу үчүн жер участогун алуучулардын кезегинде турган атуулдардын Самаркандек айылынын Тескей-1, Тескей-2 участкаларынан жеке турак-жай салуу үчүн берилүүчү жер участкасын кезексиз алууга макулдук берилсин.
2. Тескей-2 участкасындагы мурдатан курулуп калган турак-жайлар, жер участоктору менен оз ээлерине бекитилип берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кенешинин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А Пирматов |