Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-февралы № 10\IV -1
Каинда шаарынын мэриясынын Mersedes-benz E230 маркасындагы автотранспортту аукциондон сатууга макулдук берүү жөнүндө
Каинда шаарынын мэриясынын 01.02.2017-жылдын №01-6-40 «Mersedes-benz E230 кызматтык автотранспортун аукциондон сатуу маселени кароо жөнүндө» каттын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин, 1,2- пунктунун негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Каинда шаарынын мэриясынын Mersedes-benz E230 маркасындагы автотранспорту аукциондун аркылуу сатууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б Абдрасулов |