Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-февралы № 11/V-1
Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн аппаратынын тутумун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесинин 13 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын Үчтүн айынын 23- дөгү № 22 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 –жылдын Жетинин айынын 10 дагы №617, 2009 – жылдын Бештин айынын 29 дагы №814,2012 – жылдын Баш оона айынын 16 – дагы №568 Токтомдорунун редакциясында) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарда тейлөө кызматын ээлеген кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттары тууралуу” Токтомунун негизинде, Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментинин аппаратынын тутумунун өзгөргөнүнө байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча департаментинин тутуму №1, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кайыңды шаарынын кенешинин депутаттарынын №124/ХХХ VI-3 26.08.2016-жылдагы «Кайыды шаарынын мериясынын алдындыгы муниципалдык департаментинин түзүмүн бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдрасулов |
| Тиркеме №1 Кайыңды шаардык кенешинин 2017-жылдын 21.02 №11/V-1 токтому менен бекитилген |
№ | Кызмат ордуларынын аталышы | Штаттык саны |
1 | Башчы | 1 |
2 | Муниципалдык менчик боюнча башкы адис | 1 |
3 | Турак-жай маселеси жана өзгөчө кырдаал боюнча жетектөөчү адис | 1 |
4 | Адис бухгалтер - кассир | 1 |
5 | Комендант | 1 |
Төрага | Курманалиева Д.У. |