Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айыл кеңештин XXVII чакырылышынын V сессиясы
2017-жылдын 09-июну № 15
“Чүй облусунун Москва районунун Биринчи Май айыл округунун Биринчи Май айыл өкмөтү мекемесинин Уставын бекитүү жана кайрадан каттоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 15-п. укуктук ченемдерин камсыздоо максатында, Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чүй облусунун Москва районунун Биринчи Май айыл округунун Биринчи Май айыл өкмөтү мекемесинин Уставы бекитилсин.
2. Мекеменин Уставы Кыргыз Республикасы Чүй облусу, Москва району, Ак-Суу а., Карпова көчөсү 6 юридикалык дареги менен компетенттүү органдарында кайра каттоосу жүргүзүлсүн.
3. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги камтылган маалыматтардын анык экендиги тастыкталсын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган.
Төрага | С.У.Дунганов |
“Чүй облусунун Москва
районунун Биринчи Май айыл
округунун Биринчи Май айыл өкмөтү”
мекемесинин
УСТАВЫ
2017-жыл
Жалпы жоболор
“Чуй облусунун Москва районунун Биринчи Май айылдык округунун Биринчи Май айыл өкмөтү” (мындан ары Айыл өкмөтү) жергилүктүү жааматтын жашоо-турмушун жана турмуш-тиричилигин камсыздоо иш башкармалыгын өзүнүн ыйгарым укуктарынын негизинде жүзөгө ашыруучу Чуй облусунун Москва районунун Биринчи Май айылдык округунун жергиликтүү жамааттын аткаруу органы болуп саналат.
Өзүнүн уюштуруу укуктук формасы боюнча оперативдүү башкаруу мекемеси болуп саналат.
Мекеме “Биринчи Май айыл өкмөтү”мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү сериясы ГПР № 0078726, каттоо номери 3978-3308-У-е 16.08.2006-ж. мекемесинин укуктарынын жана милдеттеринин укуктар мураскери болуп эсептелет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын расмий аталышы:
Мамлекеттик тилинде – “Чуй облусунун Москва районунун Биринчи Май айылдык округунун Биринчи Май айыл өкмөтү” мекемеси;
Орус тилинде – учреждение “Первомайский айыл окмоту Первомайского айыльного округа Московского района Чуйской области”
Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: 724601, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Москва району, Ак - Суу а, Карпова көч. 6.
Айыл өкмөтүнүн уюштуруучусу Чүй облусунун Москва районунун Биринчи Май айылдык округунун кеңеши болуп эсептелинет.
Айыл өкмөтүнүн өз ишин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:
1. мамлекеттик бийлик органдарынын жана айыл өкмөтүнүн иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2. айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3. мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
жарандардын айыл өкмөтүнүн тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгы.
айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү.
Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын конститутциясын жана мыйзамдарын, тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, ошондой эле ушул Уставда колдонот.
Менчи формасы – муниципалдык.
Айыл өкмөтү өз алдынча балансы, мөөрү, Кыргыз Республикасынын банктарында алыш – бериш жана башка эсептери бар юридикалык жак болуп саналат. Ага берилген ыйгарым укуктарга ылайык мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга, өз атынан келишим түзүүгө соттордо доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
Айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу маселелери боюнча Биринчи Май айыл округунун кеңешине ал эми мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына отчет берет.
Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык ишти жүзүгө ашыруу, аларды кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечүү үчүн чарбакер субъекттерди түзүүгө укуктуу. Уставдык капиталга төлөм катары берилүүчү мүлк, чарба жүргүзүү укугунда түзүлүүчү юридикалык тарабына бекитилет.
Айыл өкмөтү өз ара жардамдашуу, социалдык, экономикалык жана маданият милдеттерди биргелешип чечүү, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзүгө ашыруу максатында, өз иштерин координациялоо үчүн коомдук бирикме, ассоциациялар жана бирлештиктер формаларда коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө укуктуу. Коомдук бирикмелери, ассоциацияларга жана жергиликтүү жамааттар, бирлештиктерге айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын берилиши мүмкүн эмес. Жаңыдан түзүлгөн коммерциялык эмес уюмдарга берилүүчү мүлк, аларга оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
Өзүн өзү башкаруу жамааттын жана анын органдарынын ишинде айкындуулуктуу камсыз кылуу максатында айыл өкмөтү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарын уюштура алат.
Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнүн карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык кылынат:
1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;
14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
23) Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарында айыл өкмөтүнүн карамагына таандык кылынган кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
24) калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү.
4.1. Айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди аткарууну берилип жаткан жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышынын каражаттарын же каржылоо булактарын бир убакта аныктоо жана өткөрүп берүү менен юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.
4.2. Айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү маанидеги айрым маселелердин аткарылышын өткөрүп берүү бюджеттик каражаттарды кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн максатка ылайык учурларда жүргүзүлөт.
4.3. Жергиликтүү маанидеги айрым маселелердин аткарылышын өткөрүп берүү жөнүндө чечим жергиликтүү кеңештин макулдугу менен айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар
5.1. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
5.2. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
5.3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
5.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
5.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар жана келишимдер төмөнкүлөрдү кароого тийиш:
1) айыл өкмөтүнө берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укукту;
2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын айыл өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылышында мамлекеттик бийлик органдарынын усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана көмөк көрсөтүүнүн башка формаларын;
3) отчеттуулукка карата талаптарды;
4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга мамлекет тарабынан контролдонушунун механизмин.
5.6. Айыл өкмөтүнө берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:
1) калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
2) жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариаттык аракеттерди жасоо;
6) жарандарга инсандык, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтерди жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;
7) аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшүү;
8) айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
10) ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;
11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;
12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар;
13) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
15) тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
16) даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;
17-1) этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча, ошондой эле этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
18) мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.
6.1. Айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.
6.2. Айыл өкмөтү айыл кеңешинин депутаттарына өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда шайлоочулар алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
6.3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде - айыл кеңешине, а берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берип турат.
6.4. Компетенциясына таандык маселелер боюнча айыл өкмөтү кабыл алуучу чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кол коюлат.
6.5. Ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылган айыл өкмөтүнүн актылары тиешелүү аймакта аткаруу үчүн милдеттүү болот.
6.6. Айыл өкмөтүнүн түзүмүнө участкалык врач, ветеринардык врач, ички иштер органдарынын кызматкери (участкалык инспектор) кирсе болот.
Участкалык врач, ветеринардык врач, ички иштер органдарынын кызматкери (участкалык инспектор) Өкмөт белгилеген тартипте контракт негизинде айыл өкмөтүнүн штатына алынат.
1) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;
2) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө отчетту жыл сайын көпчүлүккө берип турат;
3) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат;
4) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
5) жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
6) ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;
7) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;
8) муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
9) аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
10) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
11) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;
12) калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тутумун иштеп чыгат жана ишке ашырат;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
8.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
Айылдык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы кызмат ордуна кирген күнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучу деп эсептелет.
8.2. Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнүн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айыл кеңешинин биринчи сессиясы өткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалбайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
8.3. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
- катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
8.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
8.5. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.
Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
8.66. Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
8.7. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда;
5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
8.8. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда аким 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
8.9. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны ээлеген кызматынан бошотот.
8.10. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
1) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот;
2) айыл кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жеке жооптуу болот;
4) айыл кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуш киргизет;
5) өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
6) тиешелүү аймактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана андан бошотот.
8) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле айыл кеңешинин карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка маселелерди чечет.
Жергиликтүү кеңештин айыл өкмөтү менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана айыл өкмөтүнө өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт.
Айыл өкмөтү жергиликтүү кеңештердин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
Жергиликтүү кеңеш айыл өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү кеңеш сессиянын ишине туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүн чакыра алат.
Айыл өкмөтү аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча жергиликтүү кеңеш менен макулдашат.
Ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер айыл округунун айыл өкмөтүнүн алдында жоопкерчиликтүү, анын ичиндеөздөрүнүн аракети же аракетсиздиги менен калктын кызыкчылыктарына, жергиликтүү чарбага, айлана чөйрөгө келтирилген чыгарманын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарбоонун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө жаап берүү менен мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
Ишканалардын (бирикмелердин), уюмдардын, мекемелердин менчик түрүнө карабастан жана жарандардын, алардын укуксуз иш-аракеттеринин натыйжасында бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча талаш-тартыштар айыл өкмөтү менен каралат.
Айыл округунун айыл өкмөтүнүн, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан камсыз кылынат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жерлер, жарандык укуктун башка объектилери, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.”;
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде жеке менчик, мамлекеттин менчиги, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин же башка мыйзамдарда аныкталган менчик ээлеринин менчиги болуп эсептелбеген мүлктүн баары, анын ичинде айыл округунун чегиндеги жаратылыш объекттери жана жер участкалары кирет.
Муниципалдык менчик жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө калктын кызыкчылыктары үчүн оперативдүү башкаруу укугуна же чарба жүргүзүүгө берилет.
Жалпы пайдалануудагы жерлер: аянттар, көчөлөр, жолдор, жер астындагы өтүүлөр, тротуарлар, сейилбактар, коруктар, коомдук кичинекей бактар, жемиш багы, бульварлар, көлмөлөр, жаратылыш, тарых жана маданиятэстеликтери, ошондой эле ден-соолукту чыңдоо жана тарыхый – маданий багытындагы объектер айыл округунун башчысынын сунушу боюнча кеңеш менен бекитилген тизмегине ылайык эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына башкача каралбаса элдин энчиси болуп саналат жана ажыратып берүүгө жатпайт.
Айыл өкмөтүнүн кыймылсыз муниципалдык мүлкү кыймылсыз мүлк объектилеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталууга тийиш.
Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды жүзөгө ашырууга укуктуу. Бул укук ишке ашырылат:
Жергиликтүү жамааттын жалпы пайдасына багытталган эл аралык келишимдердитүзүү жана аткаруу жана башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жолу менен
Аймактардын, шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү төз алдынча башкаруу органдары менен, анын ичинде эл аралык деңгээлде кызматташуу жөнүндө келишим түзү менен;
Жергиликтүү жана муниципалдык башкаруунун көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган эл аралык уюмдардын, муниципалдык аралык кызматташтыктын ишине катышуу менен;
Эл аралык ассоциацияларга, бирлештиктерге жана ассоциацияларга кирүү менен;
Айыл округун көрсөтүү жана протоколдорго, келишимдерге жана башка укуктук документтерге кол коюу укугу айыл округунун башчысына жана кеңештин төрагасына таандык.
15.1. Айыл өкмөтүнүн Уставы, ошондой эле ага болгон өзгөрүүлөр жана толуктоолор депутатардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушунун сунушу боюнча кеңеш менен кабыл алынат.
15.2. Айыл өкмөтүнүн Уставы, ага болгон өзгөрүүлөр жана толуктоолор депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кеңеш менен кабыл алынат.
15.3. Айыл өкмөтүнүн Уставынын өзгөртүүлөрү жана толуктоолору же жаңы редакциядагы Устав юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.