Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 27-5 /19
Айыл аймагы боюнча дыйкандар эккен эгиндерге түшкөн мал башына айып пул чегерүү жөнүндө
Дыйкандардын кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын дыйкандары эккен эгиндерге түшкөн мал башына төлөнүлүүчү айып пулдун өлчөмү төмөндөгүдөй болуп чегерилсин:
№ | Малдын түрү | Айып пулдун өлчөмү |
1 | Кара мал башына (жылкы,уй) | 1000 сом |
2 | Тай, торпок | 500 сом |
3 | Кой,эчки | 100 сом |
4 | Эшек | 1000 сом |
2. Таштандыларды атайын бөлүнгөн жайларга чыгарбай туура эмес ташталгандыгы үчүн 500 сом өлчөмүндө айып пул чегерилсин.
3. Айыл аймагынын конуштуу айылдардын маалымат такталарына кулактандыруу илүү жана ар бир адамга маалымат жеткирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковго тапшырылсын.
Төрага | Б. Алымбаев |