Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 27-5 /22
Кайыңды айыл өкмөтүнүн Уставын жаңы редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кайыңды айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011 –жылдын 16-июнундагы Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 - беренесинин негизинде Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талас облусунун Манас районунун Кайыңды айылдык аймагынын
“ Кайыңды айыл өкмөтүнүн” Уставы кыргыз тилинде жаңы редакцияда бекитилсин.
2. Кайыңды айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы
А.А. Изаковко жүктөлсүн.
Ушул чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелерин тиешелүү мамлекеттик жана ( же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Б. Алымбаев |