Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Шадыкан айылдык округдук Кенешинин ХХVI1-чакырылышындагы 6 сессиясы
2017-жылдын 12-апрели № 3
1. Шадыкан айыл өкмөтүнүн Түйтө айылындагы жаңы ачылган “Керемет көч”балдар бакчасынын ачылышына айыл өкмөтүнүн бюджетинен 8000 (сегиз) миң сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Түйтө айылындагы Маданият үйүнүн тегерегине жаңы олтургузулган карагай,туя, жана аккайың көчөттөрүн курчоого алуу үчүн сметасы 19355 (он тогуз миң үч жүз элүү беш ) сом акча айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. “Керемет көч” балдар бакчасынын ачылышына жана Маданият үйүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жагы айылдык кеңештин бюджет комитетинин төрайымы С.Амановага жана айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Жеенбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жумакуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Назаралиев |