Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Шадыкан айылдык округдук Кенешинин ХХVI1-чакырылышындагы 6 сессиясы
2017-жылдын 12-апрели № 5
Шадыкан айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсы кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында:
1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Айыл Жарчысыгезитинде расмий сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн адиси У.Көчөровго жана Мониторинг тобунун төрагасы М.Жумакуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Назаралиев |