Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-апрели № 10/5
“Жазы жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш-чараларын жана бюджетин бекитүү жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш- планы, бюджети кирешелер жана чыгашалар сметасы
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин
2017-жылдын жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү: ийри мүйүздүү мал-бир баш үчүн 100 (жүз)сом
жылкы-бир баш үчүн 100 (жүз) сом
кой-эчки бир баш үчун 20(жыйырма)сом
3. Жазы айыл өкмөтүнүн аймагындагы багылып жаткан кой-эчки, кара-мал, жылкы жана башка жандыктарга жайыт акы төлөнсүн.
4. Жазы айылдык округунун жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн каражаттарды жайыт комитетинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
5. 1-майдан кечиктирилбестен мал, кой, жылкылар алыскы жайыттарга көчүрүлсүн. 1-октябрга чейин жайлоодон көчүп келүүдөн тыю салынсын. Мөөнөтүнөн эрте көчүп келгендерге шартуу малдын башына жараша 500-1000 сомго чейин айып акы төлөнсүн.
6. Жазы жайыт комитетинин төрагасы Батыров Акматтын кайрылуусун талкуулап өткөн соң төмөндөгү көрсөтүлгөн өлчөмдө айып салуу бекитилсин.
1. Малдын санынын жашырып туура эмес көрсөткөн учурда 5000-10000 сомго чейин төлөнсүн.
2. Жайыт төлөмдөрү өз учурунда төлөнбөгөнү үчүн 3000-5000 сомго чейин. Төлөө мөөнөттөрү 50%-төлөмү 20-апрелге чейин келишим төлөнсүн, калган 50%-төлөмү 1-сентябрга чейин төлөнсүн.
Ушул көрсөтүлгөн айыптар;
Жайыт комитетинин мүчөлөрү жана жайыт пайдалануучулардын мүчөлөрүнөн түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде (айыптар) салынат. Өндүрүлгөн айып акчанын 70%-жайыт комитетинин бюджетине калтырылат. Калган бөлүгү жергиликтүү бюджетке чегерилет.
7. Жайыт ресурстарын мал жаю менен байланышпаган башка максаттарга пайдалангандаргатөмөндөгүдөй салык алуу бекитилсин.
1. Жайыттарга мыйзамсыз салып алган турак жайларга ар бир метр квадратына 50 сомдон төлөнсүн.
2. Жайыт жерлерин бузуп айдо аянты катары колдонгон жайыт аянты үчүн ар бир сотыгына 50 сомдон төлөнсүн.
3. Ар бир бал челеке 100 сомдон төлөнсүн.
4. Бир куп отунга 500 сомдон төлөнсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышы Жазы жайыт комитетинин төрагасы А.Батыровго милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл чарба, энергетика курулуш, байланыш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Акматов |