Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык Кеңешинин Vl чакырылышынын кезектеги V- сессиясы
2017-жылдын 17-апрели № 11/5
Жазы айыл өкмөтүнүн “Айыл-чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби боюнча” жобунун аткарылышы жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясында күн тартибиндеги айыл чарба жерлеринин кайра бөлуштурүү фондунун жерлеринин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобонун аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Балтабаев төмөндөгүдөй билдирүүлөрдү айтты Жазы айыл өкмөтүндө жалпысы болуп 4471га айыл чарба жерлери бар анын ичинен сугат жери 1052га, кайрак айдоо жери 2679га, чөп орок жери 740га. Анын ичинен үлүштүк жер 3480га мунун ичинен сугат жери 857га, кайрак айдоо жери 2047га, чөп орок жери 576га. Ушунун ичинен аренда жери 991га анын ичинен сугат жери 195га, кайрак айдоо жери 632га, чөп орок жери 164га.
2014-жылы август айларында айылдык кенештин кезектеги сессиясында аренда жерлерге старттык баалар коюлган.
1га сугат жерге 3500сом
1га шалылык жерге 8000сом.
1га кайрак жерге 500сом.
1га чөп орок жерге 500сомдон старттык баалары бекитилип,
Айыл өкмөту тарабынан 2014-жылы күзүндө аренда жерлерге аукцион өткөрулүп сугат жерлердин баарын айыл өкмөтунүн тургундары катышып жерлерди аукциондон утуп алышкан, протоколдору бар. Ал эми кайрак жерлерге 2015-жылы акцион өткөрулуп көп жерлери эч ким албай калып кеткен себеби алыстыгы жана камыш басып кеткен экономикалык жактан пайдасыз экен деп көп жерлери азыркы күндө да эч ким иштетпей калып жатат.
Чөп ормо жерлери да ушул акыбалда гезиттерге кулактандыруу берилген бирок сырттан да эч ким келген жок. Бүгүнкү күндө 205 адам менен аренда жерлерге келишим түзүлүп ошонун негизинде иш алынып барууда.
1 жылдык аренда акысы 996,685сом ал эми жер салыгы 156,647сом соц фонду төлөмү 156647 сомду түзөт бардык төлөм 1 жылга 1309,979 сом ушул сумма өндурүлүп бардык көрсөткүчтөн пландар толугу менен аткарылды. Башкы адис А. Балтабаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл өкмөтунүн “Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрү жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнундө” Жобунда аткарылышы боюнча айыл өкмөттүн жүргүзүлүп жаткан иштери көңүлгө алынсын
2. Пайдаланбай калган кайрак жана камыш баскан жерлерди өздөштүрүү боюнча инвесторлорду тартуу үчүн ишкиликтүү иш чара көрүү жагы Жазы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл чарба, энергетика курулуш, байланыш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Акматов |