Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык Кеңешинин Vl чакырылышынын кезектеги V- сессиясы
2017-жылдын 17-апрели № 13/5
Кызыл-Дыйкан айылынын тургуну Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Чолпонкулов Бурхандын ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешине Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Кызыл-Дыйкан айылынын тургундарынан келип түшкөн арызды карап чыгып Жазы айылдык Кеңешинин V- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Дыйкан айылынын көчөсүнө маркум Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Чолпонкулов Бурхандын ысмы ыйгарылсын.
2. Көчөнүн абалын жакшыртуу жана керектүү жерине шагыл төшөө маркум Чолпонкулов Бурхандын жакындарына тапшырылсын.
3. Депутаттык этика, регламент мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, жана диний иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Акматов |