Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 07-февралы № 5
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017- жылдын кезексиз 3-сессиясы Таш-Кудук айылынын тургундарынын Мамыт уулуу Абдырахман атындагы Таш-Кудук орто мектебинин жанындагы 0,40 га жерге бала бакча куруу үчүн жер тилкесин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп ,талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Акназаров айыл аймагынын Таш-Кудук айылындагы Мамыт уулу Абдырахман атын- дагы Таш-Кудук орто мектебинин имаратынын жанына Таш-Кудук айылынын балдары үчүн бала бакча куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Мамыт уулу Абдырахман атындагы Таш-Кудук орто мектебинин территориясынан 0,40 га жер аянтын бала бакча үчүн бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Исмаиловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Момунтаевге тапшырылсын.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |