Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 1
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн ижара жерлери жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнө караштуу 38га жер аянтын ижарага алган жарандардын кайрылуу,сунуштарын карап талкуулап Кең-Арал айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл жарандарынын 38га жер аянтынан ижарага алган жер аянттары 2017-жылдын күз айына чейин келишими жаңыртылып ижарага берилсин.
2. Ижара акынын 50% апрель-май айынын 10 чейин төлөмдөрү төлөнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Темирбековго жүктөлсүн.
Төрага | И.Жумабеков |