Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2017-жылдын 23-майы № 2
Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында:
1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Бакай-Ата райондук “Айыл жарчысы” гезитинде расмий сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн адиси Н.Аманов жана Мониторинг тобунун төрагасы Б.Төрөкуловго жүктөлсүн.
Төрага | И.Жумабеков |