Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2017-жылдын 23-майы № 4
Кең-Арал айылдык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын Кең-Арал айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсү боюнча Кең-Арал айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетине 2017-жылдын жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн төлөм жана жайыт ижарасы үчүн акыдан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып,талкуулап Кең-Арал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын жер казынасынын пайдалануу укугуна лиценция кармоо үчүн төлөм 198330 (бир жүз токсон сегиз мин үч жүз отуз) сом жана жайыт ижарасы үчүн акыдан түшкөн 363461 (үч жүз алтымыш үч мин төрт жүз алтымыш бир) сом жалпысы 561791 (беш жүз алтымыш бир мин жети жүз токсон бир) сом өлчөмүндө белгиленсин жана ал сумма кошумча сумма кошумча смета түзүлүү менен төмөнкү раздел, статьяга бөлүнсүн.
Мамлекеттик тейлөө кызмат бөлүмүнө:
2215 статьясына - 100000 сом
2212 статьясына- 19950 сом
Турак жай коммуналдык бөлүмүнө:
2215 статьясына- 391841 сом
Социалдык камсыздоо бөлүмүнө:
2215 статьясына – 50000 сом
2. Кен-Арал айылдык аймагынын финансы экономика болүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде кошумча смета түзүп, белгиленген статьялар боюнча өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Темирбековко жүктөлсүн.
Төрага | И.Жумабеков |