Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 1
Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2017 – 2018 – 2019 – жылдардын божомолдуу планын бекитүү жөнүндө
Ак–Турпак айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдарга божомолдуу планын бекитүү жөнүндө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи Н. Кожоевдин отчетун угуп, Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн
2017-2018-2019-жылдарга болжолдуу планын “Кыргыз Республикалык бюджеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңешинин бюджеттик экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө 17275.1 миң сомго, 2018-жылга -17347.2 миң сомго, 2019-жылга – 17372.3 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдарга киреше бөлүгүнүн божомолдуу планы тиркемелерге ылайык аныкталсын.
3. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы атуулдарга салык төлөмдөрүнүн жеңилдиктеринен пайдалануу боюнча салык кодексинин 334 беренесинин негизинде, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Чернобыль, Авган согушунун катышуучулары, пенсионерлер 4 топтогу мүлк салыгына 50 пайыз жана 1-2 топтогу майыптар, мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуу атуулдар салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.
4. Айыл чарбасына арналбаган жерлер үчүн алынуучу салыктарга учетный ставка 1,4 өлчөмүндөгү, К 1 коэффиценти 1,2 өлчөмүндө, таштандыларды чыгаруу салыгы айыл өкмөтүн ар бир кожолугу үчүн 50 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Финансы экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи
Н. Кожоевге бюджеттин киреше бөлүгүнө тийиштүү тиркемелерди түзүү жагы милдеттендирилсин.
6. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы бюджеттин киреше бөлүгүнө божомолдуу долбоорду көңүлгө алуу жагы суралсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак - Турпак айылдык кеңешинин бюджеттик экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |