Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясынын V чакырылышы
2017-жылдын 26-январы № 3
Салык ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 337-339 беренелеринин негизинде айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын коэффицентин жана базалык ставкаларын көтөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ага салыкчысын билдирүүсүн айылдык кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасына жараксыз жерлердин зоналык коэффиценти Кз 1,1 бекитилсин.
2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлердин салым ставкасы 2017-жылга карата Кз 1,0 го бекитилсин.
3. Таштандыларды чыгаруу боюнча төлөмдөр 1 кожолукка 50 (элүү) сомго бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |