Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясынын V чакырылышы
2017-жылдын 26-январы № 5
Айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессиясында кабыл алынган токтомдорун мамлекеттик тилде гана жүргүзүү боюнча маселени депутаттар талкуулап,айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айылдык кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдор мамлекеттик тилде гана жүргүзүлсүн.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,райондук Эл жарчысы гезитине жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Төралиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |