Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясынын V чакырылышы
2017-жылдын 02-июну № 1
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Өрүкзар айылындагы эски мектеп имаратын балдар бакчасына өзгөртүү жөнүндө
Өрүкзар айылына жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу элдин турмушун көтөрүү, балдарга мектепке чейинки билим берүу, айылга жаштардын кызыгуусун арттыруу максатында балдар бакчасын курууга Кадамжай райондук өнүгүу фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ак-Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрүкзар айылына жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу элдин турмушун көтөрүү, балдарга мектепке чейинки билим берүү, айылга жаштардын кызыгуусун арттырууу максатында балдар бакчасын куруу боюнча даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнунүн бюджетинен 250 000 сом ажыратылып , өздүк салым катары берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Төралиевге милдеттерилдирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |