Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин кезектеги XXX сессиясынын V чакырылышы
2017-жылдын 02-июну № 2
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылына балдар бакчасын куруу жөнүндө
Жаңы - Жер айылына жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу элдин турмушун көтөрүү, балдарга мектепке чейинки билим берүү, айылга жаштардын кызыгуусун арттыруу максатында балдар бакчасын курууга Кадамжай райондук өнүгүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Ак-Турпак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы – Жер айылына жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу элдин турмушун көтөрүү, балдарга мектепке чейинки билим берүү, айылга жаштардын кызыгуусун арттыруу максатында балдар бакчасын куруу боюнча даярдалып долбоорго айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2 500 000 сом ажыратылып, өздүк салым катары берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Төралиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик экономика жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |