ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ынтымак айылдык Кеңешинин 6 чы чакырылышынын кезектеги I чи сессиясы
2017-жылдын 06-январы № 1/1
Ынтымак айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык-жашыруун добуш берүүнү уюштуруу боюнча эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Мыйзамын негизге алып депутаттардын Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн айылдык кеңенишинин төрагасын шайлоо боюнча жабык-жашыруун добуш берүүнү уюштуруу боюнча төмөнкү курамдагы эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
1. Ботобаев Исламбек Назиридинович
2. Мурзаев Мамат Муктарович
3. Саитов Жакшыбай Эсеналиевич
Төрага | К. Матраимов |