Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ынтымак айылдык Кеңешинин 6 чы чакырылышынын кезектеги III чи сессиясы
2017-жылдын 24-январы № 3/1
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколун бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча жабык жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Ынтымак айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер Жоробеков Нурбек Абдуназарович Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эсептелсин деген Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколу бекитилсин.
Төрага | А.Абдикулов |