Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ынтымак айылдык Кеңешинин 6 чы чакырылышынын кезектеги IV чи сессиясы
2017-жылдын 17-февралы № 4/4
Ынтымак айыл аймагындагы кароосуз калган жер аянттарын жана курулуштарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги Ынтымак айыл аймагындагы кароосуз калган жер аянттарын жана курулуштарды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маселени карап талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагындагы төмөндөгү кароосуз калган жер аянттары жана курулуштары Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каьыл алынсын:
1. Чайхана 0.10 га жер аянты менен;
2. Ынтымак айылдык кеңешинин кеңсесинин имараты 0.20га жер аянты
менен;
Беш-Буркан айылындагы Андалип көчөсүндө жайгашкан тегирмендин күн чыгыш тарабындагы 0.05 га жер аянты;
Акшар айылындагы Садир көчөсүндө жайгашкан дөңсөнүн астындагы 0.10 жер аянты;
Акшар айылындагы Мурзакан көчөсүндө жайгашкан дөңсөнүн астындагы 0.10 жер аянты;
Акшар айылындагы Манак мечитинин жанындагы 0.10 га жер аянты;
Каримберди бөлүмүндөгү ФАПтын күн чыгыш тарабындагы 0.20 га жер аянтын жана ФАПтын имараты;
Беш-Буркан айылындагы эски ФАПтын имараты;
2. Жогорудагы обьектилердин жер аянттары жана курулуштары Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги тизмектер катарына киргизилсин.
3. Ноокат райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жогоруда аталган жер аянттарын жана кыймылсыз мүлктөрүн Ынтымак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары каттап берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутатардын Ынтымак айылдык кеңешинин Жер, суу, электр эенргия жана жолдор боюнча туруктуу комиссииясына тапшырылсын.
Төрага | А.Абдикулов |