Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-июну № 6/1
Ынтымак айыл өкмөтүнүн бардык жер фондусун инвентаризациялап акт аркылуу өткөрүп алуу тууралуу
“Кыргызмамжердолроор” инсититунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери комиссия аркылуу акты менен өткөрүп алуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын №18 беренесинин 7-пунктуна таянып Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргызмамжердолроор” инсититунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык жер фонддорун инвентаризациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери комиссия аркылуу акты менен өткөрүп алынсын
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробековко жүктөлсүн
Төрага | А. Абдикулов |