Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (6 – чакырылышы) кезексиз VI – сессиясы
2017-жылдын 3-июну № 6/5
Ынтымак айыл аймагындагы шайлоо участкалары тууралуу
Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги “№ 5431-Ынтымак шайлоо участкасын бөлүү тууралуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн кайрылуусун кароо тууралуу” маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №5431 “Ынтымак” шайлоо участкасындагы түзүлгөн шайлоо комиссияларынын иш алып баруусунун жана шайлоочулардын шайлоого катышуу чараларынын жүрүшүнүн татаалдыгын эске алып № 5431 “Ынтымак” шайлоо участкасын эки шайлоо участкага бөлүү Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-июнундагы “№ 5431-Ынтымак шайлоо участкасын бөлүү тууралуу” чыгыш № 135- катына негиз сунушталсын. (кат тиркелет.)
2. № 5431 “Ынтымак” шайлоо участкасынын эсебинен Ничке-Суу айылынын карамагындагы Шамшидин, Абдилла, Жээнбек-ата, Калыкназар жана Абытбий көчөлөрүндө жашоочу, Челекчи айылынын карамагындагы – Мамбет жана Сары-Мурат көчөлөрүндө жашоочу, Таш-Булак айылы – Таш-Булак көчөсүндө жашоочу шайлоочуларды өзүнчө жаңы шайлоо участка катары А.Самидинов атындагы маданият үйүнө түзүү сунушу жактырылсын.
3. № 5431 “Ынтымак” шайлоо участкасынын эсебинен Ничке-Суу, Таш-Булак жана Челекчи айылдарын жаңы шайлоо участка катары бөлүп берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ничке-Суу, Таш-Булак жана Челекчи айылдарынын айыл башчысы М.Мурзаевке жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдикулов |