Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын 27-сессиясы
2017-жылдын 16-майы № 28-8
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Баходиржон Араббаевичтин Октябрь айылынын №633-инвентардык контурундагы 0,10 га жер аянтын бак тигүү үчүн өздөштүрүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Баходиржон Араббаевичтин Октябрь айылынын №633-инвентардык контурундагы 0,10 га жер аянтын бак тигүү үчүн өздөштүрүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.06.2008-жылдагы №306 сандуу токтомун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын №633-инвентардык контурундагы 0,10 га жер аянты айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Абдуллаев Баходиржон Араббаевичке өзүнүн эсебинен өздөштүрүп, бак тигүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди өздөштүрүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда, комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |