Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышындагы V кезексиз сессиясы
2017-жылдын 13-апрели № 14
Достук айыл аймагындагы Ат-Башы ГЭСинин балансында турган жылуулук берүүчү отказаны жөнүндө
Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы кезексиз
VI сессиясы Энергохолдингтин 2017-жылдын 6-мартындагы №01/379 катынын, 2017-жылдын 24-апрелиндеги № 03-07/744 Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катынын жана Достук айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-мартындагы №30 катынын негизинде, Нарын районунун Достук айылынын жылуулук системасы откананы суу менен камсыздоодон келип чыккан маселерден кийин ишин токтоткон, башкача айтканда айылдын таза суу системасы эскилиги жеткендигине байланыштуу капиталдык ремонттон өткөрүлүүгө тийиш.
Достук айылы 1968-жылы Ат-Башы ГЭСинин кызматкерлеринин учун атайын Энергетиктердин шаарчасы болуп салынган, шаарчадагы таза суу, саркынды суулар жана жылытуу системалары Ат-Башы ГЭСинин балансында болгон. Азыркы кезде жылуулук системасы жарым кылымга чукул мезгилден бери ремонттолбой, жылдан жылга айылдагы абоненттердин саны азайып келген. 100 дөй жеке абонентерден тышкары жергиликтуу муниципалдык обьектилер дагы жылуулук системасынан чыгып автономдук жылытууга өтушкөн. Жылуулук системасы эч качан капиталдык ремонттон жана техникалык кароодон өткөрулбөгөндуктөн бугунку куну ушундай ахвалга такалып отурабыз. Азыркы убакта Достук айыл өкмөтү айылды жылуутуу системасын өз балансына алууга эч кандай экономикалык дагы, техникалык жактан дагы мүнкүнчүлүгү жок экендигин билдирет. Айылдын бюджети өтө чон тартыштыкта болуп, дотацияда отурат.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмөтү айылды жылытуу системасын өз балансына алууга эч кандай финансылык дагы, техникалык жактан дагы мүнкүнчүлүгү жок экендиги белгиленсин.
2. Ат-Башы ГЭСинин балансасында турган жылуулук системасы жарым кылымга чейин ремонттон өткөрүлбөгөндүгү жана аны ремонттоого акча каражаты жетишсиздиги, жумушчу күчтү камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жок экендиги эске алынсын.
3. Ат-Башы ГЭСинин балансасында турган жылуулук системасы Достук айыл өкмөтүнүн балансасына алынбастыгы сунушталсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Өмүрканов |