Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылышындагы V кезексиз сессиясы
2017-жылдын 02-майы № 15
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү кирешелер боюнча жетектөөчү адис кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адис кызмат ордун келишим менен штаттык бирдигин бекитүү боюнча депутаттардын Достук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVII чакырылыштагы VI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 17.03.2014-жылдагы №145 жана 19.12.2014-жылдагы №715 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кээ бир мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү» токтомунун негизинде Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2.05.2017-жылга карата кирешелер боюнча жетектөөчү адис кызмат ордун келишим менен штаттык бирдиги бекитилсин.
2. Сметада каралган акча каражаты мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынан жана Финансы Министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
Төрага | К.Өмүрканов |