Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2017-жылдын 27-февралы № 3/3
2016-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш-чарасынын аткарылышы жөнүндө
2016-жылы Кербен шаарында элдин социалдык-экономикалык, маданий абалын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылган. Жыл башында Кербен шаарында эки бала бакча ишке берилди. Шаардын борбордук бөлүгүндө 2500,0 миӊ сомдук арыктар оӊдолуп латоктор коюлду. Парктын 50 метр жерин тосуп, тратуарды шагалдоо үчүн 400 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Негизинен бөлүнгөн каражаттар максаттуу эле пайдаланылган.Бирок аткарылган иштерге карабастан кемчилдиктер да бар. Донорлордун жоктугунун натыйжасында кабыл алынган иш-чаранын 30% аткарууга алынбаган же болбосо пландалынбаган иштерге да каражаттар бөлүнүп кеткен учурлар орун алган.
Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин отчётун жана финансы,бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялардын 2017-жылдын 22-февралындагы биргелешкен отурумунун № 1 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2016-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы боюнча Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин отчёту канаттандыраарлык деп эсептелинсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Койчубековага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыбеков |