Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2017-жылдын 27-февралы № 3/4
2017-жылга Кербен шаарынын социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүү иш чарасынын түзүлүшү жөнүндө
2016-жылга Кербен шаарынын социалдык - экономикалык жактан өнүктүрүү иш чарасынын түзүлүшү боюнча Кербен шаардык Кеңешинин социалдык жана финансы,бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиялары биргелешкен отурумунун 2017-жылдын 21-февралындагы №2 токтомун жана Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын
31-беренесине негиз, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2017-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш чарасы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»веб - сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Койчубековага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шадыбеков |