Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-январы № 2
Озгоруш айылдык Кеешинин 2017-жылдын 21- январындагы болуп откон VII- чакырылышынын 2- сессиясында “Кыргыз Республикасынны жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” 2011-жылдын 05 августундагы № 451 токтомун аткаруу максатында Өзгоруш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн калкынын санына жараша, айыл өкмөттүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн түзүмүндө ветеринардык врач кызмат ордуна (1 штаттык бирдик), талапкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте контракттык негизинде алынсын.
3. Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн катоодо 300гө чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакыруулуучу бар болгондугуна байланыштуу, эки бошотулган кызматкер- аскердик эсепке алуу столунун инспекторунун кызмат оруну (2 штаттык бирдик) бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын Өзгөрүш айыл аймагынын ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г. Эдигеевага жүктөлсүн.
5. Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай- Ата райондук каржы бөлүмү тарабынан (Ж. Саманчиева) тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын
Төрөга |
А. Атамбеков |