Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-январы № 4
Өзгөруш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 21- январындагы болуп өткөн VII- чакырылышынын 2- сессиясында Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты Б. Смаиловдун оозеки сунушун угуп, талкуулап Өзгоруш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Өзгөрүш айыл аймагындагы “Ыйман” балдар бакчасын стим грант аркылуу өткөн капиталдык ремонтун,эмеректерин инвентаризацилоо ,ата-энелердин төлөмдөрүн,жаны ачылган тайпа жана күнүмдүк иштерин текшерүү боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн :
Б. Бакеев- Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
Б. Жумашов- Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты, төраганын орун басары;
К. Шадыканов- Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты;
М. Надырбаев- Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты;
Р. Шатманов- Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты;
Р. Кенесариева- Өзгөрүш айыл аймагынын социалдык маселелер боюнча адис ;
А. Мамышева- Өзгөрүш айыл аймагынын экономист- статист;
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбековага жүктөлсүн.
Төрөга |
А. Атамбеков |