Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 3
Өзгоруш айылдык Кенешинин 2017-жылдын 17- мартындагы болуп өткөн VII- чакырылышынын 4- сессиясында Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2017- жылга жергиликтуу бюджетинин жана 2018-2019 жылдарга болжолун бекитуу жөнүндө түзүлгөн иш пландарын карап чыгып Өзгөрүш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы менен 5991,6 млн.сом суммасында баланс бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
Теңдөөчү грант 2607,1 миң сом
Иш берүүчүлөр тарабынан айлык акыдан
кармалуучу киреше салыгы 778,0 миң сом
Патенттик негизде алынуучу киреше салык 30,0 миң сом
Ыктыярдуу патенттин негизинде салык 220,0 миң сом
Транспорт ээлеринен алынуучу салык 329,7 миң сом
Короо жай жер салыгы 176,0 миң сом
Айыл чарба жер салыгы 660,0 миң сом
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 78,0 миң сом
Сатуудан алынуучу салык 200,0 миң сом
КБФ жерлердин аренда акысы 190,0 миң сом
Чакан ишкердик субьекттери учун
бирдиктуу салык 7,0 мин сом
Жайыт жерлер учун акысы 100,0 миң сом
Калктуу конуштарда жер ижара акысы учун 160,0 миң сом
Атайын каражаттар 455,8 миң сом
Чыгаша бөлүгү 5991,6 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
Атайын каражат 455,8 мин сом
1.Башкаруу аппаратына 2663,2 миң сом
2.Билим берүү бөлүмүнө 1739,4 миң сом
3.Социалдык коргоо бөлүмүнө 202,3 миң сом
4.Турак жай коммуналдык бөлүмүнө 644,3 миң сом
5.Маданият бөлүмүнө 99,6 миң сом
6.Коргонуу болумуно 120,0 мин сом
7.Экономикалык маселелер 67,0 миң сом
2. 2017-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы,соц.фонд ж.б).
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө,ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык Кеңештин сессиясына сунушталсын, планга тактоо киргизуу Каржы Министрлигинен суралсын.
4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда кварталдан кварталга, разделден разделге жана статьядан статьяга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык окмотунун башчысынын токтому менен жургузулсун.
5. 2017-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүгүртүүкаражатынын көлөмү 2,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 13- январындагы№ Б-2/I буйругуна ылайык 2017-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 миң сом өзгөчө кырдаалдар үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-статьясынын негизинде 2017-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1%ынын эсебинен 58,9 миң сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
7. 2017-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорду тыюу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө (Г.Эдигеевага) тапшырылсын. Жыйноодо,өткөн жылдан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
8. Салык Кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегерүүнүн коэффиценти К1=1,0 болуп белгиленсин.
9. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы,соц.фондко чегерүү ж.б.) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
10. 2018-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 6028,9: анын ичинен теңдөөчү грант 2652,4 миң сом. 2019-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 6267,6: анын ичинен теңдөөчү грант 2780,1 миң сом суммасында белгиленсин.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык Кеңешинин бюджеттиккомиссиясына тапшырылсын.
Төрөга | А. Атамбеков |