Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты №5
Өзгөрүш айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 21- январындагы болуп өткөн VII- чакырылышынын 2- сессиясында коомдук угууга коюлган Өзгөрүш айыл аймагынын стратегиялык планына кошумча жана өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук угууда талкууланган маселелрди карап чыгып Өзгөрүш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Өзгөрүш айыл аймагынын 2013-2017-жылга карай түзүлгөн стратегиялык жана инвестициялык планы коомдук угууда киргизилген кошумча, өзгөртүүсү менен бекитилсин.
2. Өзгөрүш айыл аймагында ири долборго сунушталган Кашка-Жол орто мектебине кошумча класстарды жана актовый зал куруу долбоору жактырылсын жана АРИСтин конкурсуна жөнөтүлсүн.
3. Чакан долбоорго сунушталган Собуров С. атындагы башталгыч мектебине ашкана куруу долбоору жактырылсын жана АРИСтин конкурсуна жөнөтүлсүн.
4. Ар бир долбоордун жалпы суммасынын 3.75% оздук салым катары А/О бюджетинен төлөнүп берилсин.(Кашка-Жол ОМ -241,336сом,Собуров БМ-45,637сом)
5. Каралган долбоорлордун иш кагаздарын даярдоого кеткен чыгымдарын төлөп берүү жагы ФЭБ башчы милдетин аткаруучу Г. Эдигеевага жүктөлсүн.
6. Долбоорду ишке ашыруу жагы АРИСтин АИД-3 долбоору боюнча Жумушчу топтун жетекчиси С.Тургунбаевге жуктолсун.
7. Токтомдун аткарылышы Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Батырбековага милдеттендирилсин.
Төрөга |
А. Атамбеков |